Бүгүн, 30-ноябрдагы маалымат жыйынында "Айчүрөк" кичи базарында соода кылган Айгүл Муканбетова бийлик өкүлдөрүнө кайрылып: "Биз түшүнүп жатабыз, бирок бизди деле түшүнүшсүн да. Базардын жетекчилиги "кеткиле же "Айчүрөк" соода борборунун ичине киргиле" деп жатат. Ал жерде 12 чарчы метр аянттан ашык берилбейт. Биз Түркиядан, Кытайдан товарларды алып алганбыз, аларды кайда коёбуз? Бир-эки айдан бери барбаган жерибиз калган жок. Иштебей турган ресторандар бар, ошол жерлерге унаа токтоочу жай курушсун. Мамлекет башчынын "чакан ишкердикке тийбегиле" дегени бар эле",- деди ал.
Соодагерлер базардын жабылышын токтотуу боюнча эл өкүлдөрү Ө.Бабанов менен Д.Бекешевге жана өлкө башчы А.Атамбаевге жардам сурап кайрылышты. "Базар жабылса көптөгөн адамдар жумушсуз калышат, биз ушул жерде соода кылып, өзүбүз үчүн жумуш ордун түзгөнбүз. Бийлик өкүлдөрүнөн жардам сурайбыз. Талаптарыбыз менен тынч митинг өткөрөбүз",- дешет соодагерлер.