Борбор калаадагы акча алмаштыруучу жайларда бүгүн, 30-ноябрга карата 1 долларды сатып алуу 75 сом 10 тыйын болсо, сатуу 75 сом 70 тыйын болууда. Өткөн аптада доллардын курсу көтөрүлүп, сатуу 78 сомго (айрым акча алмаштыруучу жайларда долларды сатуу 80 сомго) жеткен эле. Мындан улам Улуттук банк 26-ноябрда 12-13 миллион долларды интервенциялаган.
Валюталык интервенция - мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн Улуттук банк тарабынан валюта рыногунда чет элдик валютанын сатылышы же сатылып алынышы.