ФИФАнын (Эл аралык футбол федерациясы) версиясы боюнча дүйнөнүн мыкты футболчусуна ыйгарылуучу "Алтын топ" сыйлыгына талапкер 3 футболчунун ысымы белгилүү болду. Сыйлыкты Лионель Месси, Криштиану Роналду же Неймар алат. Бул тууралуу 30-ноябрда аталган федерациянын расмий сайты кабарлады.
Маалыматка ылайык, сыйлыкка негизги 3 талапкердин тизмеси капитандардын, машыктыруучулардын жана журналисттердин добуштарынын жыйынтыгында белгилүү болду.
Кошумчалай кетсек, 2015-жылдын мыктысы деп табылган футболчу "Алтын топту" 2016-жылы 11-январда алат. Ошондой эле башка наамдар боюнча жеңүүчүлөр да сыйлыкка ээ болушат. Бул күнү дүйнөнүн символикалык курамасы да түзүлөт.
* Лионель Месси - Криштиану Роналду - Неймар