Азия чөлкөмүндө "Мыкты улуттук курам", "Мыкты машыктыруучу" наамдарын Австралия курамасы утту, кыргыз футболу сыйлыксыз калды

Индиянын Нью-Дели шаарында 29-ноябрда Азия Футбол конфедерациясы жыл жыйынтыгын чыгарып, 20 номинация боюнча жылдын мыктыларын аныктады. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайты кабарлады.

Маалыматка ылайык, анда "Мыкты улуттук курама" наамын Австралия курамасы жеңип алды.

Өзүңүздөр жакшы билгендей, кенгуру өлкөсүнүн футболчулары Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда кыргыз футболчулары менен 1 тайпада жайгашкан. Кыргыз футболчуларын 2 беттеште тең утуп алган австралиялыктардын башкы машыктыруучусу Ангелос Постекоглу "Мыкты машыктыруучу" наамына татыды.

Азия чөлкөмү боюнча "Мыкты футболчу" наамы Бириккен Араб Эмираттарынын оюнчусу Ахмед Халилге ыйгарылды.

КРнын Футбол федерациясы массалык футболду өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн аталган уюмдун президентинин сыйлыгына “Аракетчил федерация” категориясы боюнча көрсөтүлгөн. Бирок бул сыйлык Брунейдин федерациясына ыйгарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
shailoo2015
2015-11-30 14:24:39
ММММ. Эми эмне кылабыз Биз оюндан чыкпайбызбы ошону айтып койгулачы достор. Бирок биз учун эң мыкты машыктыруучу
0
Umar080814
2015-11-30 14:43:55
shailoo2015, кайсы оюндан?
0
Azim.00kg
2015-11-30 14:43:58
неге 2 эле командабы Кыргыздар жакшы эле эч конул бурбайт ушулар.
0
amanatym
2015-11-30 14:58:03
Биз учун мыкты тренер Крестинин жана командабыз мыкты
+5
namazbek__92
2015-11-30 15:54:02
Азиянын эң жакшы жаш оюнчусу наминациясы боюнча Дастанбек Хамдамов алды...
2. Элдар Шамурадов
3.Захибилла Уринбаев
Бунядкар жаш талантту форфардтары
0
muun-kyrgyz
2015-11-30 16:12:34
namazbek__92, кимге куйормандык кылып жатасын!!!!!!???? ал биздин команда эмес ко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан