Судьялардын окуу борбору Сот департаментинин кызматкерлери үчүн окутууну баштады

Судьялардын окуу борбору Сот департаментинин кызматкерлери үчүн окутууну баштады. Муну бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, окутууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин 50 сот аткаруучусу төмөнкү графикте катышат: 2015-жылдын 30-ноябрынан 4-декабрына чейин биринчи топ, 7-декабрдан 11-декабрга чейин 2-топ. Окутуу Судьялардын окуу борборунда өтөт.

Семинарды куттуктоо сөздөрү менен Жогорку Сотуна караштуу Судьялардын окуу борборунун директору Жылдыз Кожокматова, Европа биримдигинин долбоорунун жетекчиси Стефанос Кареклас, Кыргыз Республикасындагы Европа биримдигинин долбоорунун өкүлү Никола Скарамуццо ачты.

Окуу программасынын узактыгы 8 академиялык сааттан 10 окуу күнүн түзөт. Анын соңунда сот аткаруучуларга тастыктамалар берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан