Бишкектеги Ленин районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди колдоо иретинде 1 айлык өтүп жатат. Бишкек мэриясынан кабарлашкандай, 15-ноябрда старт алган иш-чара 15-декабрга чейин уланат.
Маалым болгондой, №22-көмөкчү мектепте чакан концерт уюштурулуп, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын эмгектеринен жаралган буюмдар көргөзмөгө коюлду. Ошондой эле 250 балага кинотеатрлардын биринде мультфильм көрсөтүү каралган.
1 айлыктын алкагында 1130 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаранга 500 сомдон материалдык жардам көрсөтүлмөкчү.