Бишкекте 27-29-ноябрь күндөрү "Лидер" жаштар клубунун активисттери “Адамдар арасындагы адамдар” аттуу иш-чара өткөрүштү. Аны ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коомго аралаштыруу, алардын күнүмдүк жашоосуна шаң тартуулоо максатында уюштурушкан.
Үч күндүн ичинде катышуучулар кызыктуу оюндар аркылуу бири-бири менен маалымат алмашышты. Аларга лидерлик боюнча тренинг өткөрүлүп, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев дагы ийгилигинин сыры менен бөлүштү. Мындан сырткары "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде болушту.
Ошондой эле сүрөт тартышып, таланттарын тартуулашты. Бул арада катышуучулар жана клубдун жаштары достошуп, бир туугандай болуп калышты. Ар бирине катышкандыгы үчүн сертификат ыйгарылып, белектер тапшырылды.