Бүгүн, 30-ноябрда Ош шаарында мугалимдер үчүн “Мугалимдердин дин таануу боюнча сабаттуулугун өстүрүү жана тереңдетип түшүнүк берүү” атталышындагы семинар-тренинг болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын эксперттери, Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин өкүлдөрү мугалимдер үчүн дин багытында кенен маалымат айтып беришти жана мугалимдер өздөрү кызыккан суроолорго жооп алышты. Семинардын негизги максаты билим берүүчү мугалимдердин дин таануу боюнча кенен, туура түшүнүк берүү жана окуучуларга дин багытында туура тарбия берүү болду.
Семинарга облустук жана шаардык мектептердин соцпедагогдору, директордун тарбия иштери боюнча орун басарлары жана башкалар катышты.