Кечээ, 30-ноябрда Эл аралык футбол федерациясы бир катар номинациялар боюнча жыл мыктысына талапкерлердин тизмесин жарыялады. Аталган уюмдун расмий сайты кабарлагандай, "Жылдын машыктыруучусу" номинациясы боюнча алдынкы үчтүккө Хосеп Гвардиола (“Бавария”), Луис Энрике (“Барселона”) жана Хорхе Сампаоли (Чили курамасы) кирди.
Машыктыруучулардын жыл ичиндеги ийгиликтерине токтолсок, Луис Энрике “Барселона” менен Чемпиондор Лигасын, Испания чемпиондугун, Испания Кубогун, УЕФАнын Суперкубогун утту. Ошондой эле мыкты команда түзүп, жогорку сапаттагы футбол көрсөтүп жатат.
*
Хосеп Гвардиола болсо “Бавария” клубу менен Германиянын ички биринчилигин утту. Ал эми Германиянын Кубогунда, Суперкубокто жеңишке жетише алган жок. Бул жылы Гвардиоланын шакирттери Чемпиондор Лигасынын жарым финалына жетип, “Барселонага” утулуп калышты.
*
Хорхе Сампаоли Чили курамасын жетектеп, Латын Американын чемпиондугун утуп алды. Анын тарбиялануучулары мелдештин финалында Аргентина курамасын жер каратышты.
*