Бишкекте бүгүн, 1-декабрь - СПИД менен күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата “Тиешеси жокторго да тиешелүү” деген темада конференция өтүүдө. Жыйынга Республикалык СПИД борборунун директору Үмүткан Чокморова, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун кыргыз жериндеги координатору Салия Карымбаева жана башкалар катышууда.
Жыйындын негизги максаты - ВИЧ-инфекциясы боюнча жарандарга кенен маалымат берүү, СПИДге тиешем жок деп жүргөндөрдүн да көңүлүн аталган маселеге буруу.
Уюштуруучулар ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алгандардын саны аймактарда көбөйүп жатканын белгилешип: “Биз баарыңыздарды СПИД борборлорунан жана башка бардык саламаттыкты сактоо уюмдарынан акысыз жана анонимдүү ВИЧ-тесттен өтүүгө чакырабыз”,- дешти.