Ференц Пушкаш атындагы “Эң кооз гол” сыйлыгына талапкер 3 гол иргелип алынды

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) кечээ, 30-ноябрда Ференц Пушкаштын атын алып жүргөн “Эң кооз гол” сыйлыгына талапкер 3 голду тандап алды. Мыкты голдорду тизмектөөдө 2014-жылдын 27-сентябрынан 2015-жылдын 23-сентябрына чейинки аралыкта киргизилген голдор каралган. Кеңейтилген 10 голдун ичинен добуш берүүнүн жыйынтыгында 3 гол сыйлыкка көрсөтүлдү. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, кыскартылган тизмеге Алессандро Флоренци ("Рома"), Уэнделла Лира ("Гоянезия") жана Лионель Мессинин ("Барселона") голдору кирди. Сыйлык ээси 2016-жылы 11-январда Цюрихте өтө турган салтанаттуу иш-чарада аныкталып, сыйланат.

Кошумчалай кетсек, өткөн жылы сыйлыкты колумбиялык футболчу Хамес Родригес (сүрөттө) Дүйнө чемпиондугунда Уругвайдын дарбазасына киргизген голу үчүн алган.

"Пушкаш сыйлыгы-2015". ФИФАнын версиясы боюнча 2015-жылдагы мыкты 3 гол.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nurbolot_KG
2015-12-01 11:44:30
Месси
-1
beku5761
2015-12-01 12:01:02
Флоренци алат буйруса барсага киргизген голу учун
-3
Urmat-1989
2015-12-01 12:18:26
лира алат ушунун голу жаккан
-1
B.B.Sadykov
2015-12-01 14:09:17
Messi ни бул жакка бекеринен кошкон жок. Алтын топту Нейман же Роналду алып калат окшойт.
-1
Ersu
2015-12-01 14:15:29
Мессинин киргизген голдору жакпайт мага
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан