Орусиянын Петропавловск-Камчатский шаарында 4-6-декабрь аралыгында волейбол боюнча ардагерлер арасында мелдеш өтөт. Чыгаан орус волейболчусу Анатолий Таранецтин жаркын элесине арналып 21-ирет уюштурулуп жаткан мелдешке кыргыз волейболчулары да катышат. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда 50 жаштан жогорку курактагы спортчулардан түзүлгөн командалар өз ара жеңүүчүлөрдү аныктамакчы. Кыргыз мамлекетинин желеги астында мелдешке 7 спортчу катышат. Алар 2-декабрга караган түнү Орусияга жөнөп кетишет.
Ардагерлер курамасында Жеңиш Кызылаков, Азим Арапбаев, Виктор Кабанов, Алексей Ильин, Арстан Кулмурзаев, Закир Алибеков, Саидбурхан Эгембердиев сыяктуу волейболчулар бар.