“Барселонага” 6:1 эсебинде утулган “Рома” клубунун дарбазачысы оюндан кийин чылым чеккени үчүн жаза катары кийинки оюнга чыгарылган жок

29-ноябрда Италиянын футбол боюнча чемпиондугунун 14-турунда “Рома” клубу “Аталанта” клубун кабыл алды. Беттеш 0:2 эсебинде “аталанталыктардын” жеңиши менен аяктады. Бул беттеште “Романын” курамында көрүнүктүү дарбазачы Войцех Щенсный оюнга чыккан жок. Чет элдик маалымат булактары анын оюнга чыкпаганын машыктыруучунун жазасы деп маалымдашты. Себеби Щенсный өткөн аптада “Барселона” – “Рома” беттешинен кийин чылым чегип отурганын машыктыруучу Руди Гарсия байкап калган. “Анын бул оюнга чыкпаганы машыктыруучунун оюнга карата пландарынан улам болгон жок. Дарбазачы спорттук режимди бузганы үчүн машыктыруучу аны майданга чыгарган жок”,- деп жазышат чет элдик маалымат булактары.

Кошумчалай кетсек, “Барселона” – “Рома” беттеши 6:1 эсебинде жыйынтыкталган. Социалдык тармактардын колдонуучулары бул көрүнүштү “дарбазачы өткөрүлгөн 6 голду бир саамга унутуу үчүн чылым чексе керек” деп баалап жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bazarkyl
2015-12-01 14:24:23
нервин эс алдырып жатканда.
0
Urmat-1989
2015-12-01 14:26:28
фото кантет
+2
Nurmatova.
2015-12-01 14:41:03
алты голду откоруп жиберген адам кантип чылым чекпесин!:huh:
+2
Maks_shop
2015-12-01 15:42:51
Суареске жини чыккснго
0
aitbek.06
2015-12-01 15:44:27
Суарес дагы тиштейин деп аткан го
0
shailoo2015
2015-12-02 10:11:28
Сөз жок
0
jaark.23
2015-12-03 01:47:22
болушу мумкун. Мурун Венгер да жазалаган оюнга чыгарбай. Чылымга жакын неме окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан