Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Р.А. пара алып жаткан жеринен кармалды. Муну бүгүн, 1-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, Р.А. Баткен облусунун Лейлек районунун соттук аткаруучусу кызматына алуу үчүн 100 миң сом талап кылган. Мындан улам 30-ноябрда атайын жасалган иш-аракеттердин жыйынтыгында Р.А. пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “пара талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөө иштери уланууда.