Ирландиянын Дублин шаарында өткөн кикбокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда кикбоксчу Айбек Дүйшөмбиев коло медаль тагынды. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кикбокстун фулл-контакт эрежеси боюнча өткөн мелдешке кыргыз желеги астында 4 кикбоксчу катышкан. Алардын ичинен А.Дүйшөмбиев коло медаль тагынды. Ал алгачкы беттешинде Польшанын өкүлүн, экинчи беттешинде Мексиканын өкүлүн уткан. Жарым финалда орусиялык спортчуга утулуп, 3-орунду ээледи.
Башка спортчулар Кумар Жалиев, Мирбек Сүйүнбаев жана Сагынбай уулу Сыргак байгеге илинбей калышты.