Бүгүн, 1-декабрда Баткен облусунун Көк-Таш айылында “Республика-Ата Журт” партиясынын мандат тийбей калган талапкерин колдогондор митингге чыгышты. Бул тууралуу интернет колдонуучуларынын бири социалдык тармактар аркылуу жарыялады.
“Республика-Ата Журт” партиясынын тизмеси менен шайлоодо 6000ден ашуун добуш алган Баткендин кулуну Алимберди Бегматовго мандат бербей койгон Өмүрбек Бабановго, албетте, эч кимдин күчү жетпейт. Буга чейин элине кызмат кылып келген Бегматовду жердештери кыргыз элине кызмат кылар деген жакшы ниетте шайлоодо колдошкон. Мындай адилетсиз көрүнүштөр ар бир партияда болуп жатат”,- деп айтылат маалыматта.