Кыргыз мамлекетинде иммундук эмдөө дарылары түгөндү

Республика боюнча иммундук алдын алуу боюнча эмдөө дары-дармектери түгөндү. Бул тууралуу 1-декабрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Иммундук оорулардын алдын алуу боюнча республикалык борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган багыттагы дары-дармектердин калбай калганы дүйнөдө аталган дары-дармектерди чыгаруудагы жана башка өлкөлөргө жеткирүүдөгү чектөөгө байланыштуу. Саламаттыкты сактоо министрлиги жыл жаңырганга чейин эмдөө дары-дармектеринин жетиштүү көлөмдө алынып келүүсү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы айтылды.

Алынып келинүүчү 100 миң өлчөмдөгү (доза) дары-дармек 2 жашка чейинки балдарды эмдөөгө керектелет. Эске салсак, эмдөө календарына ылайык, милдеттүү түрдө эмдөөлөрдү жүргүзүү 1 жашка чейинки 2 ай, 3,2 жана 5 айлык ымыркайлар арасында жүргүзүлөт. Эмдөө өпкөнүн сезгенүүсү, көк жөтөл, кептөөр жана селейме ооруларынын алдын алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aku
2015-12-01 21:37:30
Сентябрда эле жок дешпеди беле эми тугонуптурбу мен 2-жаштагы балама прививкасын дагы эле ала элекмин сентябрда экиге толду,алайын деп барсам тугонду деп коюшкан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан