Ош шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар арасында «Менин тилегим» аттуу акция өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чара Бүткүл дүйнөлүк ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди колдоо күнүнө карата Ош шаарында жүргүзүлүп жаткан “Биз биргебиз!” акциясынын алкагында, майып жарандардын кыялын орундатуу максатында уюштурулууда. Анда мэриянын кызматкерлери калаада жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаш балдардын үйүнө барып, сурамжылоо жолу аркылуу алардын кыялдарын, келечектеги максаттарын же коомчулукка белгилүү саясий жана маданият кызматкерлери менен баарлашуу тилектерин орундатмакчы. Бул тилек-максаттарын орундатуу үчүн жаштар бардык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар менен пикир алышууда. Жыйынтыгы 3-декабрь күнү чыгарылат.