Жалал-Абадда экстремизмге каршы күрөшүүнүн алкагында илимий конференция өттү

Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрынын чоң залында террордук чакырыктардан алыс болууга үндөө жана диний экстремизмге каршы күрөшүү максатында 800 адамдын катышуусу менен ири масштабдагы илимий конференция өттү. Бул тууралуу 1-декабрда Жалал-Абад облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Анда муфтий Максат ажы Токтомушев: еррордук күчтөр ааламга согуш жарыялап турган учурда бир эле мезгилде дүйнөнүн булуң-бурчунан ар улуттун жарандары, жадакалса кыргыз жарандары азгырылып, күндөн-күнгө саны өсүп баратат. Ислам динине шек келтирүүдөн, диндин терс көрүнүштөрүнөн алыс болгула. "Ислам мамлекети" (ИГИЛ) деп туткан террорчулар ким экенине, маани-маңызына терең түшүнүп, террордук чакырыктарга алданбагыла",- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан