Кечээ Жалал-Абадда болгон жер титирөөдөн кийин бир нече имараттарда жаракалар пайда болду

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 1-декабрда күчү 5,5 балл болгон жер титирөө катталган. Анын кесепетинен Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Ак-Булак айылындагы “Наристе” №4-балдар бакчасынын 2 бөлмөсүнүн сырт жагында жана Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын ооруканасынын 2 бөлмөсүндө майда жаракалар пайда болгон. Кыйроолор жана жабыр тарткандар жок. Оорукананын жана бала бакчанын имараттары 1950-жылдарга чейин салынган.

Сузак районунда Кыз-Көл айыл аймагынын Ак-Тоок айылындагы Абдырахманов атындагы орто мектептин ичинде жана Кара-Булак айылындагы 10 үйдүн ичинде, “Кара-Булак” орто мектебинин ичинде, Катраңкы айылындагы 8 үйдүн ичинде майда жаракалар пайда болгон. Кыйроолор жана жабыр тарткандар жок. Тактоо иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nariste...12
2015-12-02 10:13:22
Кудай сакта , жер титироо аябай эле коп болууда.
+3
nazira1989
2015-12-02 12:04:57
Ал эмес бизде Сузактын Жерге-Талда да имараттардын ичинде жаракалар пайда болгон.Аллахым озу сактасын элимди.
+1
dawa
2015-12-02 12:10:33
Биз тарапта болуптур да кудай сактасын
+1
Moskva.kg
2015-12-02 15:11:15
Аллах озу сактасын табигый кырсыктардан
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан