Бүгүн Кыргыз улуттук опера-балет театрында жазуучу Сагындык Өмүрбаевдин 85 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 2-декабрда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Кыргыз Эл жазуучусу, акын, котормочу жана публицист Сагындык Өмүрбаевдин 85 жылдыгына арналган маданий
иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева, маданият министри Алтынбек Максүтов жана башка коомдук ишмерлер катышат. Кечеде Улуттук филармониянын артисттери жана бий топтору концерт беришет.

Сагындык Өмүрбаев "Жеңишбектин жолдоштору", "Айна", "Көктөмдөгү кыштак", "Телегей", "Бороондуу күндөр", "Балаты", "Эмгек ээлери", "Көк жайык", "Өзгөргөн өрөөн", "Өрттүү кечүү", "Жер эне", "Кер өзөн", "Алтын жылдыз" аттуу чыгармалардын автору.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан