Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг кыздуу болду. Бул сүйүнүчтүү кабардын урматына ал өзүнүн социалдык баракчасына шейшемби күнү билдирүү жазып, анда өмүр бою "Фейсбук" компаниясынан түшкөн кирешенин 99 пайызын кайрымдуулукка жиберерин убадалады. Цукербергдин айтымында, социалдык тармактан түшкөн акчалар адамдардын потенциалын өрчүтүүгө жана дүйнөдөгү балдардын мүмкүнчүлүктөрүн теңөөгө жумшалышы керек.
Марк кызына Макс аттуу ысым ыйгарып, кызына жолдогон билдирүүсүндө ал чоңойгондо дүйнө учурдагыга караганда кыйла жакшы болорун айткан.
Айта кетсек, Цукерберг жубайы Присцилла Чан менен Гарвард университетинде окуп жүргөндө таанышкан. Эки жаш 10 жыл сүйлөшүп, 2012-жылдын 19-май күнү баш кошушкан.