Доллардын курсунун өсүшүнө байланыштуу укук коргоочулар нааразылык акциясына чыгышты

Бүгүн, 2-декабрда банктардан насыя алып, доллардын курсу көтөрүлгөндөн кийин төлөй албай калган жарандардын укугун коргоочулар нааразылык акциясына чыгышты. Катышуучулар доллардын баасы жогорулагандан кийин айрым соодагерлер ижара акысын төлөй албай же банктардагы карызын бере албай иштерин токтотууга мажбур болуп жатышканын айтып өтүштү.

Өткөн аптада “Дордой” базарында соода кылгандар митингге чыгышкан. Кечээ ошол эле базарда иштегендер нааразылык билдирип, базарга кетчү жолду бууп салышкан. Насыя алгандардын укугун коргоо боюнча элдик комитеттин төрайымы Динара Назаркулованын айтымында, борбор калаадагы базарларда эмгектенгендер азыркы тапта биригип жатышат.

Доллардын курсунун өсүшүнөн соодагерлер гана эмес, ипотекага үй алгандар жана кыймылсыз мүлкүн күрөөгө койгондор жапа чегип жатышат. Бул тууралуу аталган комитеттин өкүлү Айнура Талиева билдирди. “Ушул көйгөйдүн айынан үйсүз калгандар бар. Бир карыя келип бизге кайрылды. Жүрөгү ооруп дарыланып жаткан учурда анын күрөөгө коюлган үйүн тартып алып, чекене насыя берүүчү компания башка бирөөгө сатып жиберген. Ал ооруканадан чыгып, адвокаттарга кайрылганда үйү колдон колго өтүп, учурда 6 баласы менен турак жайсыз калды”,- деди.
Доллардын курсунун өсүшүнөн улам банктардан насыя алып, төлөөдөн кыйналган жарандар катталып жатышканын кошумчалады. Учурда 150 адам катталды.

Эксперт: "Жаңы жылдан кийин 1 доллар 100 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AiBoru
2015-12-02 13:06:36
Кайсы жерде каттайт экен менин иним, синдим жана дос-эжем да ипотекага уй алып доллар менен почти эки эсе коп толоп жатышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан