13-17-декабрь аралыгында Орусияда Михаил Ворониндин кубогуна арналган эл аралык мелдеш өтөт. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашкандай, мелдешке мамлекетибиздин курамасынан 3 спортчу катышат. Алардын мелдешке катышып келүүсү үчүн олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекциянын бюджетинен 65 миң сом каралды. Курамда Роман Пак, Эрик Менибаев жана Амалия Чернышова сыяктуу спортчулар бар.