Өзгөндө имамдардын жоопкерчилиги боюнча маселе каралып, аларга мечит аймагындагы көрүнүштөрдү көзөмөлдөө тапшырылды. Бул тууралуу Ош облустук казыятынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-декабрда КРнын Коргоо кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу максатында Ош облусунун мусулмандар казыяты менен КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү Өзгөн районунун аймагындагы мечит имамдарына жыйын өткөрүшүүдө. Жыйынга Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн адиси Канатбек Абдыраимов, Өзгөн району боюнча башкы имам Акжол ажы Козубаев жана казыят кызматкерлери катышууда.
Жыйында облус казысы Самидин кары Атабаев имамдардын жоопкерчилиги боюнча маселени кабыргасынан коюп, динге жамынган ар түрдүү терс көрүнүштөрдүн алдын алууда мечиттин аймагында болуп жаткан иш-аракеттерге имам дыкат көзөмөл жүргүзүүсү зарыл экендигин билдирди. Ошондой эле мечиттин имамы мечитте болуп жаткан сабактарга жана мечитке келген жарандардын жүрүм-турумуна жоопкер экендигин белгиледи.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн адиси Канатбек Абдыраимов мечиттерди каттоодон өткөрүүнүн жол-жоболорун түшүндүрүп, бул жаатта имамдардын жергиликтүү бийлик менен тыгыз иштөөсүнө чакырды жана мечит имамдарына Диний концепциянын алкагында түзүлгөн иш пландын отчётун даярдоонун жол-жоболорун үйрөтүп, ар бир квартал сайын отчёт тапшырууну милдеттендирди.
Жыйында имам аль-Матуридий акыйдасын, Ханафий мазхабын бекемдөө жана экстремизм, радикализмдин алдын алуу боюнча имамдарга жумалык отчёт берүү тапшырмасы да жүктөлдү.