Борбор калаадагы акча алмаштыруучу жайларда бүгүн, 2-декабрга карата 1 долларды сатып алуу 75 сом 50 тыйын болсо, сатуу 76 сом болууда.
2015-жылдын башынан бери АКШ долларынын курсу 24,7 пайызга же 58,89 сомдон 73,43 сомго чейин өстү. 11 ай аралыгында валюта рыногундагы туруктуулукту сактоо үчүн 25 жолу интервенция жасалган. Жалпысынан таза сатуу 252 миллион доллар болсо, анын ичинен сатуу 296 миллион доллар, ал эми сатып алуу 44 миллион доллар болгон. Ноябрь айында 4 жолу интервенция дээрлик 60 миллион долларга жасалган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.