Октябрь райондук сотунда Кыргыз Республикасынын сотторунда тоскоолдуксуз чөйрө түзүү долбоорунун бет ачары болуп өттү

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда Кыргыз Республикасынын сотторунда тоскоолдуксуз чөйрө түзүү долбоорунун бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, сот тутумунун, Юстиция, Каржы, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрликтеринин өкүлдөрү катышты.

Бет ачардын ачылышында куттуктоо сөздөрү айтылып, катышуучуларга соттун жеткиликтүүлүгүнүн ишке ашкан элементтери көрсөтүлдү. Программанын алкагында жыйналыштын ачылышы болуп, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнө сыйлык берүү аземи өттү.

Иш-чаранын максаты коомчулукту Бишкек шаарынын Октябрь райондук пилоттук сотунун имаратынын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча иштеринин жыйынтыктары менен тааныштыруу болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_2
2015-12-02 21:38:17
Соттогуткоррупцияны телевизордон көрүп оозум ачылды. Депутаттар биякта эле калат окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан