Борбордук шайлоо комиссиясы Ош облусунда жер титирөөдөн жабыр тарткандарга акчалай жардам көрсөттү. Бул тууралуу аталган мекемеден бүгүн, 2-декабрда билдиришти.
Маалым болгондой, БШКнын кызматкерлери бир күндүк эмгек акыларын 17-ноябрда болгон жер титирөөдөн жабыр тарткан Ош облусунун тургундарына жардам катары беришти. Анын жалпы суммасы 117 314 сомду түзүп, ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине которулду.