Бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаарынын №38-орто мектебинин жана Олимпиадалык резервдин республикалык окуу жайынын окуучулары биргеликте милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы ИИМдин академиясына барышты. Бул тууралуу аталган академиянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, экскурсия Генералдар аллеясынан башталды. Андан соң окуучулар академиянын музейине, тирге, спорт шаарчасына, криминалисттик полигонго, спорттук залга, компьютердик класска, электрондук китепканага барышты. Иш-чаранын соңунда окуучулар академиянын жетекчилиги менен жолугушуп, кызыктырган суроолоруна жооп алышты.
"Мындай акциянын максаты - өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштардын алдын алуу жана алардын укуктук билимин жогорулатуу",- деп билдирет окуу жайдын басма сөз кызматы.
Эскерте кетсек, 16-сентябрда №38-мектептин жана спорттук мектептин окуучуларынын ортосунда ызы-чуу чыгып, 6 бала жабыркап, айрымдары бычактан жаракат алышкан. Андан кийин 20-октябрда эртең менен спорттук мектептин окуучулары №38-мектептин аймагына кирип, окуу жайдын айнектерин талкалашкан.