Бүгүн, 2-декабрда Бишкекте СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун жаркын элесине арналган волейбол мелдеши старт алды. Уюштуруучулар кабарлашкандай, быйыл аталган мелдеш менен уландар арасындагы өлкө чемпиондугунун 1-туру бириктирилди.
6-декабрга чейин Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтчү биринчиликке өлкөнүн Улуттук жана Жогорку Лигаларынын өкүлдөрү катышууда. Улуттук Лигада "Бажы", "Жаңы-Муун", "Салам-Алик", "Улуттук гвардия", "Жети-Суу", "Дархан ОшТУ" командалары болсо, Жогорку Лигада "Динамо ИИМ", "Жалын", "Ош", "Улар", "Динамо" жана "Кадамжай" командалары бар.