Трансфердик рынокко ичтен аралашып, дүйнөдөгү бардык мамлекеттердин футболчуларынын трансфердик наркын өлчөгөн германиялык transfermarkt.de басылмасы кыргыз футболчусу Антон Землянухиндин баасы 50 миң еврого өскөнүн маалымдайт. Буга чейин 300 миң еврого бааланып келген футболчу учурда 350 миң еврого бааланууда. Ал эми улуттук курама команданын оюнчуларынын жалпы наркын чыгара келгенде, кураманын трансфердик наркы 1,5 миллион еврого бааланды. Аталган басылмада баалары көрсөтүлүп, тизмеге кирген оюнчуларыбызды назарыңыздарга коёбуз.
Антон Землянухин - 350 миң евро
Валерий Кичин – 200 миң евро
Вадим Харченко – 150 миң евро
Эдгар Бернхард – 150 миң евро
Виталий Люкс – 150 миң евро
Виктор Майер – 125 миң евро
Тамирлан Козубаев – 75 миң евро
Мирлан Мурзаев – 100 миң евро
Азамат Байматов – 50 миң евро
Улуттук курама команда – 1,5 миллион евро