Ош. Майыптарды коргоонун эл аралык күнүнө карата иш-чара орун алды

Бүгүн, 2-декабрда Ош шаарында 3-декабрь - Майыптарды коргоонун эл аралык күнүнө карата окуучулардын иш-чарасы болду. Анын жүрүшүндө окуучулар келген конокторго ырдап-бийлеп, өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, иш-чаранын аягында келген коноктор, Ош шаардык кеңешинин депутаттары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана "Сорос" фондунун өкүлдөрү белектерин тапшырып, жылуу сөздөрүн тарбиячы-мугалимдерге, окуучуларга айтып өтүштү жана жардамдарын мындан ары да улантарын билдиришти.

Эскерте кетсек, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын уюштуруусу астында жалпы шаардык билим берүүчү мектептерде 15-ноябрдан 15-декабрга чейин Майыптарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Биз биргебиз!” аттуу урандын алдында бир айлык жарыяланган жана анда иш-чаралар өтүлөрү каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан