Дзюдочулар Отар Бестаев менен Владимир Золоев "Республиканын спорт чебери" наамдарын алышты. Бул тууралуу КРнын Дзюдо федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, спортчуларга наамдар 29-ноябрда дзюдо боюнча өлкө чемпиондугу жыйынтыкталган соң тапшырылды. Алар өз салмак категорияларында алтын медалдарды тагынып, өлкө чемпиону аталышты. Бул күнү Эльмира Акишева менен Аймончок Рыспекова да ушундай эле наамдарга ээ болушту.