4-декабрь - "Манас" эпосунун күнүнө карата Нарын шаарында бир катар маданий-массалык иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Элиза Качкымбаева билдирди.
"Ата-бабаларыбыздын урпактарына калтырган ыйык мурасы - «Манас» эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү, кеңири жайылтуу максатында мэрия тарабынан атайын иш-чаралардын планы иштелип чыккан. Анын алкагында жогорку жана орто окуу жайларда, орто мектеп, балдар бакчаларында, китепканаларда тегерек столдор, ачык сабактар, адабий кечелер, жолугушуулар өткөрүлүп, дил баяндар жазылып, «Манас» залдары жана бурчтары уюштурулду.
Ошондой эле шаардын мектептеринде өткөрүлгөн «Манас таануу» сынагынын мыктылары 4-декабрь күнү Нарын облустук музыкалык-академиялык драма театрында белгилене турган «Манас» эпосунун күнүндө өз өнөрлөрүн тартуулашат. Ал эми Нарын шаардык мэриясы тарабынан катышуучуларды сыйлоо үчүн атайын белектер даярдалды",- дейт Э.Качкымбаева.
Өкмөттүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги №259-токтомунун негизинде «Манас» эпосунун күнүн жыл сайын 4-декабрда белгилөө жагы аныкталган.