Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам берүү уланууда

Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаш балдарга жардам берүү уланууда. Муну бүгүн, 3-декабрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 2-декабрда Свердлов акимиатынын башчысы Айнагүл Чылабаева 3-декабрь -Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер күнүнө карата №48-атайын орто билим берүү мекемесин көрүп келген. Мектепке 40 балдар отургучу жана дүлөй окуучулар классына 6 комплект парта берилди.

Ошондой эле Ленин райондук администрациясы тарабынан 250 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балага бекер мультфильм тартууланды. Бул иш-чара ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелгендерди колдоого арналган бир айлыктын алкагында өткөрүлдү.

Ал эми бүгүн, 3-декабрда демөөрчүлөрдүн жардамы менен майрамдын алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 400 жаранга азык-түлүк баштыктары таратылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан