2016-жылы Ташкентте өтчү футзал боюнча Азия чемпиондугунда тайпалык баскычта улуттук курам Өзбекстан, Ливан жана Сауд Арабиясы менен ойнойт. Бул тууралуу кечээ, 2-декабрда Ташкентте өткөн чүчү кулактын жыйынтыгында белгилүү болду.
Бул күнү жалпысынан Азия чемпиондугуна катыша турган 16 курама команда 4 тайпага бөлүндү. Жыйынтыгында кыргыз футболчулары “А” тайпасына түшүштү.
2016-жылы 10-21-февраль аралыгында Ташкентте өтө турган Азия чемпиондугуна катышчу 16 команда жана 4 тайпа төмөнкүдөй:
“А” тайпасы: Өзбекстан, Ливан, Кыргыз Республикасы, Сауд Арабиясы
“В” тайпасы: Иран, Ирак, Иордания, Кытай
“С” тайпасы: Таиланд, Вьетнам, Тайбэй, Тажикстан
“D” тайпасы: Япония, Австралия, Малайзия, Катар.