Чүй облусунда жаңы жогорку вольттогу “Чолпон” көмөк чордонунун курулушу соңуна чыкты
Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Чолпон айылында жаңы жогорку вольттогу 35/10 кВ чыңалуусундагы “Чолпон” көмөк чордонунун курулушу соңуна чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда “Түндүк электр” ачык акционердик коомунан билдиришти.
Маалым болгондой, жалпысынан курулуш-монтаждоо иштерине “Түндүк электр” өз эсебинен 3 миллион сомго жакын каражат кетирди. Курулуш-монтаждоо иштери быйылкы жылдын сентябрь айынан тарта башталды: алдын ала куруу аянтчасы дайындалды, андан соң инженерлер 4000 киловольт-ампер кубаттуулуктагы трансформатор орнотуп, 10 кВ комплекттүү бөлүштүрүү түзмөгүнөн 11 чөнөгүн, ошондой эле 35 кВ ачык бөлүштүрүү түзмөгүн монтаждашты.
Эми көмөк чордон өкмөт алдындагы Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын экологиялык, өрткө каршы жана архитектуралык экспертизаларынан өткөн соң ишке киргизилет.
“Чолпон” көмөк чордонунун ишке кириши «Ивановка» көмөк чордонунан тартылган 10 кВ электр чубалгыларынын кыскарышына, чубалгыны оперативдүү тейлөөгө, муну менен бирге техникалык жоготуулардын кыскарышына жана “Умут и Ко” комбинатын, Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кең-Булуң, Чолпон, Достук айылдарын, Гидрокуруучулар кыштагын ишенимдүү электр менен камсыздоого алып келет. Учурда «Ивановка» көмөк чордонунан тартылган эң узун деп саналган 23 чакырым фидердин узундугу үч эсе кыскарат.
Эске салсак, 2015-жылдын сентябрь айында “Түндүк электр” ААК Талас облусунун Бакайыр айылында жогорку вольттогу 35 кВ “Бакайыр” жаңы көмөк чордонун ишке киргизди. Бул Кара-Буура районунун Жийде, Көк-Дөбө, Молдо-Асан, Чымкент айылдарын электр менен камсыздоону жакшыртты.