Бүгүн, 3-декабрда Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер күнүнө карата көзү азиз балдардын мектеп-интернатына билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева барды. Муну аталган министрликтен билдиришти.
Маалым болгондой, бул мектеп-интернат 1939-жылы ачылып, бүгүнкү күндө бардык аймактардан келген 219 бала тарбияланат. Интернатта спорттук зал, компьютердик жана кол өнөрчүлүк класстары бар. Ал эми быйыл республикалык бюджеттин эсебинен ашкана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Ошондой эле көзү азиз балдардын билим алуусуна керектүү делген атайын жабдыктар алынды.