30-ноябрдан 2-декабрга чейинки аралыкта Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги иш сапары менен Талас облусунда болду. Аталган агенттиктен кабарлашкандай, агенттиктин директору Шейшенкул Бакиров баштаган делегация бул аймактагы спорттук объекттер менен таанышты.
Маалыматка ылайык, делегация Талас, Бакай-Ата жана Кара-Буура райондорундагы, Талас шаарындагы спорттук комплекстер жана залдар менен таанышты. Алар машыктыруучулардын тарбия берүү жаатында аткарган иштерине да күбө болушту.
Талас облустук дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Мендибек Бейшебаевдин айтымында, акыркы жылдары Таласта 10 чакты спорттук имарат курулду. Ш.Бакиров көптөгөн спорттук комплекстер, залдар, кичи футбол майдандары ашар жолу менен салынганын айтты. “Биз алардан үлгү алышыбыз керек. Бул элдин биримдигинен жана элдин спортко жакын экенинен кабар берет”,- деди Ш.Бакиров.