Аймактардагы спорттук залдарда машыктыруучулардын жетишсиздигинен улам тарбия иштери аксап жатканы айтылды

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору баштаган делегация 2-декабрда Талас облусуна болгон расмий иш сапарын жыйынтыктады. Агенттиктен кабарлашкандай, анда спортчуларды тарбиялоо иштери тууралуу да сөз болду.

Агенттиктин директору Шейшенкул Бакиров акыркы жылдары машыгып жаткан жаш спортчуларды тарбиялоого жетиштүү көңүл бурулбай жатканын айтты. “Бул спорттун өнүгүүсүнө жана калктын спортко болгон мамилесине терс таасирин тийгизип жатат. Машыктыруучулар спортчуларды тарбиялоого тиешелүү деңгээлде көңүл бурууга тийиш жана алардын жашоо образынын калыптануусуна көмөктөшүүгө тийиш”,- деди.

Ал эми Талас облустук дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Мендибек Бейшебаев төмөнкүлөргө токтолду: “Бүгүнкү күндө дээрлик бардык жаңы курулган залдарда машыктыруучулардын жетишпестиги байкалат. Эгер бул маселе чечилсе, спорт менен машыккандардын саны артат эле”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан