Бүгүн, 3-декабрда Бишкекте жумуш орундарынын жарманкесинде 40 ири компания кызматкерлерди издөөдө. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү жана эмгек министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, жарманке жаштарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга уюштурулду. Анда компаниялар 2000ге жакын бош орундарды сунуштап жатышат. Жаштар эмгек биржасынын директору Азиз Идрисовдун айтымында, буга чейин мындай жарманкелерде вакансиялардын 60 пайызы толтурулуп кетчү.