Өзгөн районуна караштуу Мырза-Арык айылында, Ош-Бишкек жолунун боюндагы кооптуу электр мамысы 2-декабрь күнү кечинде Өзгөн райондук электр тармактары ишканасынын ыкчам тобу тарабынан калыбына келтирилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына “Ош электр” ишканасынын басма сөз катчысы Талгат Алиханов билдирди. Анын айтымында, бир нече күн мурун аталган мамыны белгисиз айдоочу унаасы менен сүзүп качып кеткен.
Эскерте кетсек, аталган электр мамысынын кооптуу абалда турганын 2-декабрда окурман "ЭЛДИК КАБАРга" маалымдаган эле.