Улуттук курамдын лидерлеринин бири Азамат Байматов бүгүн, 3-декабрда 26 жашка толду. Футболчу туулган күнүн өзү учурда ойноп жүргөн Бахрейнде белгилеп жатат.
"Кызыгы, өткөн жылы туулган күнүмдө Таиландда улуттук курам менен машыгуу сборунда болгом. Быйыл болсо жеке майрамды Бахрейнде командалаштарым менен белгилеп отурам. Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, жаңы сыноолорду, жаңы досторду берген футболго рахмат! Жакындарыма, командалаштарыма жана машыктыруучуларыма рахмат!"- деп жазат футболчу.
Кошумчалай кетсек, Азамат Байматов 1989-жылы 3-декабрда Ош шаарында төрөлгөн. Футболдук карьерасында латвиялык "Вентспилс", казакстандык "Окжетпес", бишкектик "Дордой" клубдарында ойноп атактуу болгон. Ал 2 ирет "Кыргыз Республикасынын мыкты футболчусу" (2010, 2012) болуп табылган. Ал 2009-жылы латвиялык “Вентспилстин” курамында УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын тандоо турунда ойногон. Мындан улам ал Чемпиондор Лигасында оюн өткөргөн жалгыз кыргыз футболчусу катары да таанылган. Учурда Бахрейндин "Ситра" футболдук клубунун курамында ойнойт.