Орусия элчилиги Ош облусунда жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөттү

Орусия элчилиги Ош облусунда жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөттү. Муну 3-декабрда КРнын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, Ош шаарында жайгашкан Орусиянын консулдугу Кара-Суу районундагы Чайчи айылынын зилзаладан жабыр тарткан тургундарына 10 даана жууркан жана 36 600 сомдук жардам көрсөттү.

Мындан тышкары Ош облусунун атайын ыйгарым өкүлү менен Оштогу Венгриянын консулдугу жер титирөөдөн жабыркаган С.Жусупова аттуу аялга 30 миң сомдук жардам: жылуу бут кийим, муздаткыч жана телевизор берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан