Бишкек. Шлагбаумда жол тыгынынын пайда болушуна таксисттер, жүргүнчү ташуучу унаалардын айдоочулары жана унаа күткөндөр себеп болууда (фотолор)

Бишкек. Шлагбаумдагы жол тыгыны. Айдоочулар эки жол чырактын аралыгын 8-10 мүнөт дегенде араң багындырып, анан көздөгөн багытына карай ылдамдыкты арттырышат. Тыгын эртең менен жумушка, кечинде үйгө шашкан жүргүнчүлөрдү да жүдөтүп бүткөнү бештен белгилүү. SUPER.KG порталы бул аймактагы тыгындын себептерин иликтеп көрдү.

УНААЛАРДЫН АГЫМЫ

Шлагбаумдун аймагына унаалар чыгыш тараптан 3 жол аркылуу кирет: Фучик көчөсүнүн түндүк тарабынан, түштүк тарабынан жана Дэн Сяопин көчөсүнүн чыгыш тарабынан. Унаалардын агымына токтолсок, бул багыттар аркылуу мүнөтүнө орто эсеп менен 70 унаа өтөт. Ошондой эле Дэн Сяопин көчөсүнүн батыш тарабынан мүнөтүнө орто эсеп менен 30 унаа өтөт.

* Шлагбаум тарапка унаалар тынымсыз агылып турат.

Фучик көчөсүнүн өйдө жагынан келген унаалардын көбү Фучик көчөсү аркылуу түз өтсө, айрымдары "Ош базары" тарапка бурулат. Ал эми мүнөтүнө Шлагбаум тарапка бурулган унаалардын саны орто эсеп менен 10-12ни түзөт.

Фучик көчөсүнүн ылдыйкы тарабынан келген унаалардын жарымынан аз бөлүгү Шлагбаум тарапка бурулат.

* Ошондой эле бул тараптан келген унаалардын көбүнүн түз кеткенин же "Ош базары" тарапка бурулганын байкоого болот.

* Эми батыш тараптан келген агымга токтололу. Башка бурулуштарга салыштырмалуу Шлагбаумдун батыш тарабында жайгашкан Интергельпо көчөсүнө бурулган унаалардын саны аз. Буга, балким, жолдун анча жакшы эместиги себеп же бул тарап аркылуу көздөгөн жерине жетүүнү каалаган айдоочулар аз...

ЖОЛДОРДУН ЖАЗЫЛЫГЫ

Унаа кыймылына, жол тыгынынын пайда болушуна жолдордун жазылыгы да өз ролун ойнойт.

Эки тарапка тең багыт алган унаалар көбүнчө 3 катарга тизилип, алдыны карай жылышат.

Батыш тарапты карай бет алган унааларга Фучик көчөсүнүн ылдыйкы тарабынан келген жол кошулат. Бул жактан мүнөтүнө 10-15 унаа катарга кошулат. Ушул жерден жол талашмай, жөөлөп кирмей башталат. Алардын катарында жүргүнчү ташыган кичи автобустар да бар.

*

АРАЛЫК ЖАНА ЫЛДАМДЫК

Унаалардын ортосундагы аралыктын сакталышы жана ылдамдык алдыда бараткан унаадан көз каранды. Эгер алдыга жүргүнчү ташуучу унаа түшүп калса, ал ортодо бир токтоп жүргүнчүнү түшүрөт же алат. Анын артынан күтүүгө туура келет.

Айрым чыдамсыз айдоочулар түз кетчү жолду табуу аракети менен капталдагы катарга кошулууга аракет кылышат. Арттан басылган сигналга карабай алар бул жүрүш менен арттагылардын да жолун бууп, ылдамдыгын жайлатат. Эгер ылдамдык саатына 20 чакырымдык белгини көрсөтүп турса, демек, унаалардын ортосунда бул жайда 1,5-2 метр аралык сакталат.

*

ЖОЛ ТЫГЫН ТАКСИСТТЕРДИН, КИЧИ АВТОБУСТАРДЫН ТОКТОП ТУРУП АЛГАНЫНАН БОЛУУДА

Айдоочулар бири-бирине тоскоолдук жаратуу менен жол тыгындын негизги себепкерлери болуп калып жатышканын аңдоо кыйын эмес. Сурай келсең, жол тыгынга баары бири-бирин күнөөлөйт. Таксисттер кичи автобустарды күнөөлөшөт, кичи автобустар болсо таксисттерди. Негизи, бирөөндө аз, бирөөндө көп болгону менен, айып баарында бар.

Мисалы, бул жердеги тосмонун жол жак тарабында Кара-Балтага кетчү жүргүнчүлөрдү издеген айдоочулардын унаалары токтоп турат. Бустар жол киреге 50 сом алса, булар 60 сомдон алышат. Ошого карабай жүргүнчүлөр да жолго чыгып такси тосуп көнүп калышкан. Жүргүнчү тоспосо, такси бул жайга токтобойт эле.

Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери алардын бул жайда туруусуна тыюу салып, керек болсо айып пул салышат. Бирок алардын жоктугунан пайдалангандар өтө көп.

*

Ал эми Кара-Балтага каттаган кичи автобустар жол тарапта эмес, тосмонун ички тарабына унааларын токтотушат. Алар деле жол тыгынынын пайда болушуна канчалык бир деңгээлде себепкер. Алар жүргүнчү топтоодо жол кыймылына зыян алып келбегени менен, жолго чыгар алдында арттагы унааларды күтүп турууга мажбур кылышат.

*

ЖОЛДУ КЕСИП ӨТКӨН ЖӨӨ ЖҮРҮҮЧҮЛӨР

Чүй кең көчөсү менен Бейшеналиева көчөсүндө орун алчу жол тыгынында жолду кесип өткөн жөө жүрүүчүлөрдүн тиешеси бар. Ал эми Шлагбаум тарапта жолдон чубап өткөн эл анчалык көп санда эмес.

Бул жайда жөө адамдар жол эрежелерин толук сактоого аракет кылышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aika96
2015-12-04 10:16:07
Негизи ушул жердеги стоянканы башка жерге жылдырса жакшы болот эле.
+3
Maripa
2015-12-04 11:08:05
Биздин шаарда тартип жок!
+1
bekish1111
2015-12-04 11:44:41
жоо жургондор жол биздики деп шашпай басышат. Озгочо кыздар. Зебрага келгенде кичине батыраак басып коюшса ал да бир топ женилдик жаратат эле.
-2
zamir-bek
2015-12-04 12:01:24
Шлагбаумда час пик учурунда бир да ГАИшник табылбай калат. Пробка жокто жолдун эки тарабында тен туруп алып акча жасашат.
0
sirgak_92
2015-12-04 13:33:46
Урматтуу супер дин кызматкерлери учурда "Шлагбаумда" ар дайым начар абалда келип репортаж кылып кеткилечи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан