3-декабрь - Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад шаарында жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер катышкан спорт эстафетасы, гандбол боюнча мелдеш болду. Ошондой эле Барпы театрынын өнөрпоздору даярдаган концерт тартууланып, сый тамак уюштурулду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага жалпысынан 80ден ашык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам чакырылып, сынакта жеңгендерге, талантын тартынбай көрсөткөндөргө баалуу белектер, акчалай сыйлыктар берилди. Андан сырткары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч органдарынын жетекчилери, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештин депутаттары материалдык колдоо көрсөтүштү.
“Биз жашоону терезеден эмес, коомдон издейбиз” деген аталыштагы бул иш-чараларды Жалал-Абад жаштар коому Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин бир катар коомдук уюмдарынын колдоосу менен өткөрдү.
Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңиш Жоробеков саламаттыгынан жабыркап, мукурап тургандар коомдо жалгыз эместигин, жашоодо жакшылыгын аябаган жакшы адамдар бардыгын айтып, аларды маанайын чөктүрбөй кайраттуу, бекем болууга, жакшылыктан үмүт үзбөөгө чакырды",- деп жазылат маалыматта.