Сузак районундагы карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин үйүндө 97 адам жашайт

Сузак районундагы карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин үйүндө 97 адам жашайт. Бул тууралуу аталган мекеменин башчысы М.Узакбаевге шилтеме берүү менен Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, облустук милициянын медициналык кызматынын өкүлдөрү Сузак районундагы карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин үйүндөгүлөрдүн саламаттыгын текшерип, Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүнө карата аларга чакан белектерди тапшырышты.

"Аталган жайдын башчысы М.Узакбаев карылар жана Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин үйүндө жалпысынан 97 адам жашап жатканын билдирди. Алардын 30дан ашыгы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар болуп саналат. Жалал-Абад милициясынын медицина кызматкерлери аталган үйдөгүлөрдүн саламаттыгын маал-маалы менен текшерип, колдорунан келген жардамды берип турушат.

Карылар үйүндө 14 жылдан бери жашаган, мындан төрт жыл мурун көзү көрбөй калган Алымжан Токтобаев атуу аксакал жардам көрсөткөндөрдү алкап, батасын берди",- деп билдирет мекеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан