Ош облусунун Кара-Суу районунда жыл башынан бери мамлекеттин эсебинен жалпы суммасы 426 800 сомго 63 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн араба сатылып алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 4-декабрда аталган райондун Социалдык өнүгүү башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 3-декабрь күнү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 19 адамга атайын арабалар берилди. “2015-жылдын 1-декабрына карата Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 3774 жаран катталган. Аларга ай сайын мамлекеттик бюджеттен жалпысынан 9 миллион 86 300 сом жөлөк пул берилет. Ал эми ден соолугун чыңдоо үчүн курорттук-санаторийлерге барууга 93 адамга акысыз жолдомолор берилген. Тактап айтканда, "Ысык-Көл" санаторийине 1, "Ысык-Ата" санаторийине 3 жана Мамакеев атындагы санаторийге 89 жолдомо берилген. Жолдомолордун жалпы баасы 1 миллион 314 400 сомду түзөт”,- деп айтылат маалыматта.