"Ош шаарында автоунаасын жөө жүрүүчүлөр өтчү жолго токтотуп кетип калган айдоочуга административдик чара көрүлүшү керек". Муну бүгүн, 4-декабрда SUPER.KG порталына Жол-кайгуул кызматынын Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Кубаныч Камчыбеков билдирди. Анын айтымында, айдоочуга 600 сом айып пул салынышы зарыл болчу.
“Айдоочуну инспекторлор ошол маалда кармабагандыктан, аны азыр издеп, күнөөлөш кыйын. Анткени анын унаасын ошол маалда башка бирөө айдап кеткен болушу мүмкүн. Эгер айдоочу бирөөнү сүзүп же кандайдыр бир башка кылмыш кылса, анда, албетте, унааны издейбиз. Ал эми мындай учурда жарандар факт болгон жерге жакын Жол-кайгуул пункттарына кабарлашса жакшы болмок”,- деди Камчыбеков.