Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунун тургуну милиция кызматкерлери менен уруша кетти. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
"3-декабрда саат 03:30 чамасында милициянын нөөмөт бөлүмүнө Т.Фрунзе жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп жатышканы тууралуу маалымат түшкөн. Атайын топ аталган кесилишке барганда, төмөнкү окуя болгону аныкталган:
Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору документтерди текшерүү максатында Мазда үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Айдоочу алардын талаптарына баш ийбей, милиция кызматкерлерин сөгүп, аймактык милиционердин формасын айрып салган.
Бул факт Бишкек шаарынын Ленин РИИБинде катталган. Мазданын айдоочусу Арча-Бешиктин 32 жаштагы Б.Жанузак аттуу тургуну экени аныкталды. Ал убактылуу Ленин райондук милиция бөлүмүнө жеткирилип, тергөө амалдары уланууда",- деп жазылат маалыматта.